16:45
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Назира Айтбекованы кайын энеси коом алдында ачык сүйлөшүп алууга чакырды

Алып баруучу Назира Айтбекованын кайын энеси Роза Кенжешова мурдакы келини менен коом алдында ачык сүйлөшүп алууга даярдыгын билдирди. Бул тууралуу Facebook баракчасына жазды.

Роза Кенжешова Назира Айтбекованын мурдакы күйөөчү Искендер Шаршеев тууралуу байма-бай берген маектерине нараазычылык билдирип, ажырашкандагы бири-бирине доо тийгизбөө келишимин сактабагандыгын белгилейт.

«Атын чыкпаса жер өрттө дегенсип, бул айбан Назира Айтбекова кайра кайра биздин үй-бүлөнү массалык маалымат каражаттарында тынчтык бербей кууратмай болду. Үч жылдан бери унчукпай койсок башка чыгып кетмей адатын койбоду. Уулум менен ажырашканда бири бирин сый менен, доо тийгизбей жүрөлу деген келишими болду эле, анын аркасы менен мен да унчукпай турдум эле, бирок чыдамым калбай баратат. Назира Айтбекованын суранычы менен биздин үй-бүлө унчуккан жок», — дейт ал.

Роза Кенжешова бир катар айыптарды тагып, Назира Айтбекова акыркы интервьюсунда дагы туура эмес маалымат бергенин айтат.

«Интервью макаласын окусам, неберемди атасынын жүрөгүн оорутуу үчүн курал катары пайдаланып турууга көрүнөт. Жазган макаласында, интервьюсунда уулум, Назира жыланайлак келгенинде машине, жер алып бергенин айтпайт экен. Акча депозиттерин ажырашканда бүт бергени жөнүндө бир да сүйлөм жок. Менин уулум баласына, жеке кымбат мектебинин төлөмдөрүн калтырбай төлөгөну жөнүндө, чиркин, бир ооз айтып да койбойт. Башка бирөөлөргө окшоп менин уулум баласына өз жоопкерчилигинен качпаганын айтып да койбойт», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума