10:41
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Садыр Жапаров үй-бүлөсү жөнүндө айтып берди

Садыр Жапаров «Российская газетага» берген маегинде үй-бүлөсү жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда чоң атасы Жапар үй-бүлөсү менен Кытай тарапка көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин, 30 жашында, 60-жылдары атам ата-бабаларыбыздын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген.

«Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп келген аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан, атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес», — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыздар жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин өзгөчө белгилеп өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума