23:04
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Алайдагы Памирден келген кыргыздар паспорт алышты

Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган 44 этникалык кыргызга паспорт берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлдүгү билдирди.

Маалыматка караганда, аларга расмий түрдө кыргыз жарандыгы тапшырылды. Памирден келгендерге шарт түзүп, аларды жумуш орундар менен камсыздоо каралууда.

Алардын жаш балдарына да күбөлүк берилип, билим алуусуна шарт түзүлөт.

Эске салсак, Алай районунун Талды-Суу айылында Памирден келген 10 үй-бүлө жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар