16:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Рахмон Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен райондоруна барды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 16-июлда Хатлон облусуна барып, аймактагы аскердик бөлүктөрдүн даярдыктары, техникаларынын абалы жана чек арачылар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Хатлон облусундагы президент барган Пянж жана Мир Саид Али Хамадони райондору менен чектешкен Ооганстандын уезддери «Талибан» кыймылынын көзөмөлүнө өткөн.

Чек арачылардын алдында сүйлөгөн Эмомали Рахмон коңшу Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен аймактарында аскердик-саясий абал өтө оор бойдон калып жатканын белгиледи.

«Бул өлкө менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын коргоо — биздин өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй КМШдагы, ал эмес Европа биримдигиндеги коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өзгөчө маанилүү болуп эсептелет», — деди президент.

5-июлда Рахмон өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, коргоо министрине тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскерди мобилизациялоону тапшырган.

Тажикстан менен Ооганстандын Бадахшан аймагындагы жалпы чек арасынын узундугу 910 чакырымды түзөт. 4-июлда Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы Ооганстандын түндүгүндөгү уезддердин көбү талибдердин карамагына өткөнүн кабарлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар