11:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ысык-Көлдө үч жашар баланын өлүмүнө шектелип баккан аял кармалды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 3 жашар бала ур-токмоктон улам каза болду. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

3 жашар бала 15-май күнү ооруканага эс-учун жоготкон, денесинде көк ала тактары менен түшкөн. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай чарчап калган.

«Күбөлөрдү сурамжылоодо баланы ооруканага алып келген 33 жаштагы М.Г. аттуу аялга кудачасы 3 жашар баласын таштап, өзү Орусияга иштегени кеткен. Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, 15-май күнү болжол менен саат 12:00 чамаларында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми денесиндеги көк ала тактар аны бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгонун көрсөткөн. Соттук-медициналык экспертизанын алдын-ала жыйынтыгы боюнча бала баш мээсинен жаракат алганы аныкталган. Аталган факты боюнча шектүү катары 33 жаштагы аял райондук милиция бөлүмүнө алып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот шектүү аялдын баш коргоо чарасын карап чыгып, эки айга камакка алды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө», — деп билдирет басма сөз кызматынан.


Эң көп окулган жаңылыктар