15:31
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо күзүндө өтөт

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо күзүндө өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казинформ» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал алдыдагы шайлоолор таза өтөрүн белгилейт.

«Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт. Референдум белгиленген. Алдыда биз мыйзамдуулук жана калыстыкты орнотобуз. Албетте анын баарын бир жылда ишке ашыра албайбыз. Ал үчүн 2-3 жыл керек», — дейт.

Белгилей кетсек, парламенттин VI чакырылышынын мөөнөтү 2020-жылдын октябрь соңунда аяктаган. «КР президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилип, депутаттардын иштөө мөөнөтү июнь айына чейин жылдырылган. Садыр Жапаров президенттик шайлоого чейин бир нече жолу парламенттик шайлоо жаз айларында өтөрүн белгилеген.

Эң көп окулган жаңылыктар