09:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Абдил Сегизбаев «Белизгейтке» байланыштуу камалды

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» фактысы боюнча камалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мекеменин 25-январдагы маалыматында УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганы айтылат. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганы жазылган.

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Сегизбаевден башка шектүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Эң көп окулган жаңылыктар