14:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Белизгейт боюнча иш кайра тергеле баштады. Абдил Сегизбаев УКМКда сурак берүүдө

УКМКнын мурдакы төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн УКМКда сурак берүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жакындары билдирди.

Алардын айтымында, Абдил Сегизбаев саат 10го чакырылып, андан бери сурактан чыга элек.

Белгилей кетсек, бүгүн Башкы прокуратура «Белизгейт» боюнча иш кайра тергеле баштаганын маалымдады. Ага парламенттин мурдакы депутаты Алманбет Шыкмаматовдун кайрылуусу себеп болгон.

Эскерте кетсек, «Белизгейт» иши 2016-жылы «Ата-Мекен» фракциясынын үч депутатына каршы козголуп, алар жемкорлук ишине айыпталган. Ишти вл кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар