06:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мэрия шаардын пайдасына дагы бир сот ишин утуп алды

Борбор калаанын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгы (ЖРБ) муниципалдык жер тилкелерин пайдалануу үчүн дебитордук карыздарды чогултууну улантууда.

Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, 2018-жылы жаран А.А. менен 5 жылдык ижарага Каралаев көчөсүндө аянты 1.384 чарчы метр жер тилкеси спорт аянтчасын долбоорлоо жана куруу үчүн келишим түзүлгөн.

Бирок шаардык бюджетке ижара төлөмдөрү түшкөн эмес, бүгүнкү күндө ижара төлөмдөрү боюнча карыз 2020-жылдын биринчи чейрегин эске алганда, 909 миң 267,22 сом жана айып пул 227 миң 316,8 сомду түзгөн. Карыздын жалпы суммасы 1 миллион 136 миң 584 сомду түзөт.

Келишимдин шарттары аткарылбагандыгына байланыштуу Жер ресурстары башкармалыгы Свердлов райондук сотуна доо арыз менен кайрылууга аргасыз болгон. 2020-жылдын 18-январында сот шаардык бюджетке карызды төлөө боюнча шаардык муниципалитеттин пайдасына чечим чыгарды.

Эң көп окулган жаңылыктар