16:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Балбак Түлөбаев: Жол киренин тарифин жогорулатуу майга чейин чечилет

к мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев баш калаадагы маршруттук таксилердин айдоочуларына кайрылды. Видео кайрылуусун ал Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, бийлик айдоочулардын көйгөйүңөрдү жакшы билет, жети жылдан бери тариф көтөрүлгөн эмес.

«Бизге кээ бир линиянын маршруттук таксилери чыкпай жатат деген маалыматтар келип жатат. Силердин абалыңарды түшүнгөндөй силер дагы элдин абалын түшүнгүлө. Өлкөдө пандемия, элдик толкундоо болду. Силер айткандандай азыр эле көтөрүп бере албайбыз. Анын өзүнүн эрежеси бар. Биз бул маселени Экономика министрлигине киргизип, анан алар карап чыгып шаардык кеңешке жөнөтөт. Шаардык кеңеште апрель айында жаңы шайлоо болот. Ошону менен май айына чейин бул маселени чечкенге аракет кылабыз, болгон чындык ушул», — деди ал.

Ал айдоочуларды жумушка чыгууга үндөп, эгер алар чыкпаса, башка маршруттук таксилерди чыгарарын билдирди.

Эске салак, өткөн жумада маршруттук таксинин айдоочулар жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Болбосо, иш таштоо жарыялашарын айтышкан. Мэрияда бул маселени карап чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар