16:11
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

COVID-19. Вице-премьер пандемияда алда канча көп адам каза тапканын айтты

Айрым мамлекеттик органдардын документтерди жана маалыматтарды берүүнү создуктурганына байланыштуу Кыргызстанда гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтөө боюнча мекеме аралык комиссиянын ишин узартууга туура келди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, комиссия мүчөлөрүнүн жарымы алгачкы эле күндөрдө иштөөдөн баш тарткан, кимдир-бирөө кийин кесепети тийет деп корксо, башкасына жакындары, достору, тааныштары «чыгып» иштебей эле коюуну өтүнүшкөн.

«Мекемелер аралык комиссиянын корутундуларына таянып алдын ала айтсам, пандемиядан каза тапкандар тууралуу маалыматта миңдеп айырма чыгып жатат. COVID-19дун биринчи толкуну жогорку чекке жеткен маалда айрым аткаминерлер документтерди кечеңдетип, мындан улам дарылоодо жана дары-дармек бөлүштүрүүдө башаламандык жаралган. Жең ичинен сүйлөшүүлөр болуп, кимдир-бирөө пандемиядан бизнес жасаган. Мурда айтылгандай, комиссиянын ишинин жыйынтыгында катардагы медицина кызматкерлерине сын болбойт. Дарыгерлер каармандык менен адамдардын өмүрүн сактап жатканда, айрым жетекчилер узак мөөнөттүү эс алууга чыгып кетишкен. Айрым оорукананын башкы дарыгерлери керек болсо кызыл зонага да барышкан эмес. Гуманитардык жардам уурдалганбы? Ооба. Ведомстволор аралык комиссия көйгөйдү ачып гана чектелбестен, маселени чечүүгө сунуштарды берет», — деп белгиледи Сурабалдиева.

Вице-премьер ошондой эле билим берүү мекемелеринин ачылышы боюнча өз пикирин билдирип, баары жагдайга көнүшү керектигин, анткени жарандар жана экономика мындан аркы чектөөлөргө туруштук бере албай турганын айтты.

Ал 2021-жылдын февраль, март жана апрель айларында илдетке кабылгандардын саны өсүшү мүмкүн экенин эске салды. Вице-премьердин айтымында, өкмөт ондогон ооруканаларды кура алат, ондогон тез жардам унааларын сатып келет, бирок баары бир дарыгерлер жетишсиздиги көйгөйү турат.

Эң көп окулган жаңылыктар