15:19
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

«Ералаш» журналынын жетекчиси Борис Грачевский коронавирустан каза тапты

Балдарга арналган «Ералаш» юмористтик журналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги анын жубайы Екатерина Белоцерковскаяга таянуу менен билдирди.

Грачевскийдин вирус жуктуруп алганы декабрда белгилүү болгон. Ал алгач үй шартында дарыланган. Кийин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

14-январда режиссерду дары сайып комага түшүрүшүп, аппаратка туташтырышкан. Грачевский 18-мартта 72 жашка чыкмак.

Эң көп окулган жаңылыктар