21:21
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

КМШ алкагында унаа уурдоого бөгөт коюу маселеси каралды

Бүгүн, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 25-ноябрындагы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Протокол менен киргизилүүчү өзгөртүүлөр КМШга катышкан мамлекеттердин укук коргоо органдарынын шериктеш өлкөлөрдүн аймагында уурдалган унаа жөнүндө маалыматтарды ыкчам алмашуу жолу менен автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга багытталган.

Талкуу маалында депутат Рада Туманбаева чет өлкөдө да, Кыргызстанда да катталган унааны билбей, сатып алган ак ниет сатып алуучуга кылмыш иши козголуп калган учурлар арбын болуп жатканын белгилеп, чыныгы күнөөлүүлөр кармалбай жатканына токтолду.

Ошондой эле депутат Тариел Жоробеков, унаа уурдалгандыгы аныкталса, анын ээсине кайтарып, ал эми ак ниет сатып алуучуга зыяндын орду толтурулуп берилиши керектигин айтты.

Ушундай эле маселеге депутат Айнуру Алтыбаева да токтолуп, Кыргызстандан уурдалган унаа чет өлкөдөн табылса, ээсине кайтарылабы, деген суроосун жолдоду.

Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мындай учурлар жаралган жагдайда, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, күнөөлүүлөргө чара көрүү менен 1 жыл ичинде ээсине кайтарылып берилерин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар