19:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

АКШ Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныды

АКШ Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Дипломатиялык миссия шайлоону жакшы деңгээлде уюштургандыгын белгилейт.

«АКШ Садыр Жапаровду КР президенти болуп шайланды деп тааныйт. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип чара көрүү жана коррупция менен эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну жана эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган президент Жапаров менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз», — дейт АКШ.

Эң көп окулган жаңылыктар