USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Ала-Тоо аянтындагы унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат

14:30, 11 января 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында унаалардын кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, бул президенттик шайлоонун жыйынтыгына карата майрамдык иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу.

Чүй проспектиси саат 13:00дөн тарта белгисиз убакытка чейин жабык болот.

Бишкек мэриясынан иш-чаранын уюштуруучулары уруксат алышканын билдиришти.

«Жалпы бөлүмгө Садыр Жапаровдун штабынан концерт уюштурулары тууралуу билдирүү түштү. Биз тараптан санитардык нормаларды сактоо, элдин көп топтолушуна жол бербөө сунушталды», — дешти мэриядан.

Баш калаа мэриясынын маалыматына караганда, концертке кеткен чыгымды Садыр Жапаровдун штабы каржылайт.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөн. Алгачкы маалымат боюнча Садыр Жапаров алдыда.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика