11:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалал-Абад облусунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2021-жылдын 11-январь күнү саат 01:38де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Орказган айылында 4 балл, Тосой, Ак-Терек, Саламалик айылдарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар