12:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ЕАЭБ улуттук процедура боюнча дары-дармектерди каттоо мезгилин узартты

Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши арыз берүүчү тарабынан дармек каражаттарын каттоону ишке ашырууну Евразиялык экономикалык бирлик эрежелерине, же интеграциялык бирликке мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык тандоо мүмкүнчүлүгүн берген өткөөл мезгилдин мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июлуна чейин узартуу (алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн) чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөөл мезгилди узартуу жана дармек каражаттарын улуттук каттоодон өткөрүүнү сактоо чечимин кабыл алуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге карай муктаждыгын толугураак канааттандырууга, ошол эле учурда каттоо досьелерин ЕАЭБ каттоо эрежелеринин талаптарына ылайык келтирүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Эң көп окулган жаңылыктар