Шайлоо күндөрү УКМК кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.
Коопсуздук кызматы 2021-жылдын 10-январындагы шайлоо учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттери иштелип чыкканын маалымдайт.
«Эң башкысы шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган, диний-экстремистик жана криминалдык топтордун, деструктивдүү түзүлүштөрдүн чагымчыл акцияларын даярдоо белгилерин өз убагында табуу жана алдын алуу боюнча иш-чараларга басым жасалууда», — дейт мекеме.
УКМК президенттик шайлоо жана референдум учурунда коомдук-саясий кырдаалды чыңалтууга жана дестабилдештирүүгө алып келе турган чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого чакырат жана ага карата мыйзам жоопкерчилиги каралганын белгилейт.