02:54
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Президенттик шайлоо. Талапкерлер 105 миллион сом сарпташты

Борбордук шайлоо комиссиясы 31-декабрга карата президенттикке талапкер болгондордун шайлоо фондундагы каражаттардын чыгымдалышы боюнча маалыматты жарыялады.

Ал 4-январга карата берилген сандар. 17 талапкердин фондуна 114,2 миллион сом келип түшсө, алардын 105,4 миллион сому сарпталган.

Талапкерлер боюнча маалыматтар төмөнкүдөй (сом менен):

  • Жапаров Садыр. Түшкөн каражат — 62 миллион 49 миң 700 сом, пайдаланылды — 57 миллион 531 миң 126 сом;
  • Исаев Канатбек 1 миллион 412 миң сом — 1 миллион 348 миң 62 сом;
  • Мыктыбек Арстанбек 1 миллион 117 миң сом — 1 миллион 115 миң 750 сом;
  • Сооронкулова Клара 1 миллион 128 миң 650 сом — 1 миллион 50 миң 80 сом;
  • Ташов Имамидин 4 миллион 924 миң 600 сом — 4 миллион 924 миң 600 сом;
  • Сегизбаев Абдил 4 миллион 609 миң 910 сом — 4 миллион 546 миң 510 сом;
  • Мадумаров Адахан 2 миллион 847 миң 100 сом —2 миллион 845 миң 67 сом;
  • Касенов Аймен 3 миллион 872 миң 805 сом — 3 миллион 758 миң 398 сом;
  • Кочкоров Улукбек 1 миллион 724 миң 890 сом — 1 миллион 634 миң 383 сом;
  • Байгуттиев Жеңишбек 3 миллион 337 миң 850 сом — 2 миллион 963 миң 867 сом;
  • Абакиров Эльдар 1 миллион 581 миң 893 сом — 1 миллион 563 миң 636 сом;
  • Асанов Курсан 2 миллион 576 миң 656 сом — 2 миллион 494 миң 264 сом;
  • Абдылдаев Арстанбек 2 миллион 310 миң сом — 2 миллион 305 миң 415 сом;
  • Жээнбеков Равшан 3 миллион 159 миң 250 сом — 3 миллион 143 миң 67 сом;
  • Калмаматов Бактыбек 1 миллион 419 миң 20 сом — 1 миллион 410 миң 151 сом;
  • Тольбаев Бабыржан 14 миллион 224 миң 572 сом — 10 миллион 872 миң 523 сом;
  • Иманалиев Каныбек 1 миллион 962 миң 568 сом — 1 миллион 962 миң 320 сом.

Баарыныкы биригип 114 миллион 258 миң 464 сом, пайдаланылганы — 105 миллион 470 миң 992 сом.

БШКнын маалымат кызматы банктык же башка мекемелер талапкерлердин атайын эсебине түшкөн жана андан алынган акчалар боюнча ар бир аптада маалымат берип турууга милдеттүү экендигин айтты. Аны БШК расмий сайтына жайгаштырууга тийиш.

Талапкерлер аталган саясий өнөктүк учурунда бардык чыгымдарды шайлоо фондунан гана алып жабышы керек. Жумшала турган каражаттардын эң көп делген суммасы так айтылбаганы менен, анын чеги 200 миллион сомдон ашпашы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар