23:44
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Балбак Түлөбаев ЖЭБди газга өткөрүүнү сунуштоодо

Бишкекти ыштан арылтуунун эки гана жолу бар − биринчиси ЖЭБди толугу менен газга өткөрүү, экинчиси — Кара-Кеченин көмүрүнөн баш тартуу. Бул тууралуу баш калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бул иштерди аткаруу баш калааны эмки жылкы кара түтүндөн сактайт.

«Ыш боюнча эң биринчи кыла турган ишибиз- ЖЭБди көмүрдөн газга өткөрүш керек. Бишкектин 22 от казанын жана 22ден ашык мектебин газга өткөрөбүз. Ошондо эмдиги жылы боло турган ышты ушуну менен токтото алабыз. Экинчи жолу -Кара-Кечеден келген көмүрдү токтотуп, башка өлкөлөрдөн келген көмүрдү карап көрүш керек. Бирок мунун баары эмки жылкы ыштан сактайт. Азыркы убакта ЖЭБди дагы, Кара-Кечеден келген көмүрдү дагы токтото албайбыз. Бул азыр реалдуу эмес», — деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Эң көп окулган жаңылыктар