23:21
USD 84.56
EUR 100.60
RUB 1.16

Айсулуу Тыныбекова Жаңы жылда Кыргызстанга жакшы өзгөрүүлөрдү каалайт

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды жана 24.kg агентигинин окурмандарын Жаңы жылы менен куттуктады.

Дүйнөнүн мыкты балбан кызы мекендештерине ден соолук каалап, саламаттыгына көңүл бөлүүгө чакырды.

«24.kg агенттигинин окурмандары сиздерди Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! 2020-жыл оор болсо дагы мен үчүн ийгиликтүү болду. 2021-жыл жалпы кыргызстандыктар үчүн жакшы өзгөрүүлөрдүн жылы болсун!» — дейт Айсулуу Тыныбекова.

Эң көп окулган жаңылыктар