20:28
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкек шаардык прокуратура Бизнес акыйкатчы менен чогуу ишкерликти коргомокчу

Бишкек шаардык прокуратура Бизнес акыйкатчы менен биргеликте ишкерлерди коргомокчу. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысынын орун басары Азат Суракматов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык прокуратура органдары тарабынан ишкерлердин укуктарын жана ишкердикти коргоо боюнча мыйзамдардын, Башкы прокуратуранын коллегиясынын чечимдерин буйруктарын, тескемелерин, көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында уюштуруу жана практикалык чаралардын комплексин ишке ашыруу боюнча тынымсыз иш аракеттер жүргүзүлүп келет.

Бишкек шаарындагы укук коргоо органдары тарабынан ишкерлердин укуктарын жана ишкердикти коргоо багытында өкмөттүн 2016-жылдын 27-июлундагы № 417 сандуу «Укук коргоо органдары жана салык кызматы оргадары тарабынан ишкердик субъектерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу Эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптарын тыкыр сактоо менен текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Аталган убактылуу эрежелер мамлекеттик органдарын ишкердик судбъектеринин иштерин негизсиз кийлигишүүсүн жоюу, алардын укуктук корголушун күчөтүү, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү, ошондой эле укук коргоо органдары жана салык органдары тарабынан текшерүүлөр учурунда коррупциялык тобокелдиктердин көрүнүшүнө каршы туруу максатында, мамлекеттик башкаруу тутумунда мамлекеттик тартиптик чыӊдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ишкердик субъектерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алардын ишин укук коргоо жана салык органдары текшергенде аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» 2016-жылдын 15-июнундагы № 58-Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

«Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жогоруда аталган өкмөттүн токтомунун талаптарын укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү деӊгээлде аткарбаган фактылары аныкталып, тийиштүү кызмат адамдарынын тартиптик жоопкерчиликтерин карап, жаза-чараларын колдонуу үчүн прокурордук актылар (сунуш, тартиптик өндүрүш) келтирилип, алардын жыйынтыгы менен кызмат адамдарына тартиптик жазалар колдонулуп келүүдө», — дейт Азат Суракматов. 

Ошондой эле, 2020-жылдын 23-январында Бишкек шаарынын прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ишкерлер ассоциацияларынын, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык Уюмунун мүчөлөрү жана ишкердик субъектерлеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жаӊы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүл, Бизнес — Акыйкатчысы Робин Орд Смит менен жолугушуу болду. Анда ишкерлердин жана ишкердик субъектеринин укуктарын коргоо багытында бир топ иш-чаралар талкууланган.

Андан кийин, Бишкек шаардык прокуратурасынын демилгеси менен ишкерлердин жана ишкердик субъектеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-чара уюштурулуп, Бизнес — акыйкатсынынын өкүлдөрү жана ишкерлердин катышуусунда жолугушуу болуп өттү.

Тараптар ишкердик субъектеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана коргоо багытында кызматташууга толук даяр экендигин билдиришти.

Ошондой эле, тутумдук, анын ичинде коррупциялык көйгөйлөрдү жана ишкердиктин өнүгүүсүнө болгон тоскоолдуктарды аныктоо, аларды чечүү боюнча компелкстүү иш-чараларды иштеп чыгуу менен ишкердик иш-аракеттерди жана анын бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ушул чөйрөдөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана четтетүү боюнча чараларды биргеликте кабыл алуу, себеп болгон шарттарды, мыйзам бузууларды, ишкердик субъектеринин бузулган укуктарын калыбына келтирүү, ишкердик субъектеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлгөн мыйзамсыз текшерүүлөрдүн фактыларын жоюу боюнча чараларды көрүү, колдонуудагы мыйзамдарды талдоо жана сунуштарды киргизүү, ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, тараптар ортосунда туруктуу маалымат алмашуу, консультация берүү, анын ичинде ишкердик субъектеринин укуктарын коргоо боюнча маалымат-түшүндүрүү жолугушууларын, семинарларды жана конференцияларды өткөрүү маселелери талкууланган.

Белгилей кетүүчү нерсе,  Бизнес — Акыйкатчысы менен кызматташуунун натыйжалуулугу үчүн ар бир түзүмдөн өз ара аракеттенүүчү тараптар аныкталышып, иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума