12:23
USD 89.12
EUR 95.10
RUB 0.95

Референдум. Бекешов парламенттик башкарууга, Карасартова баарына каршы үгүттөйт

10-январда өтө турган референдумга үгүттөө үчүн 10 өтүнүч келип түштү. Бул тууралуу Боршайком маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 5 топ президенттик башкарууга «макул», бирөө каршы, парламенттик өлкөнү колдоого 2 үгүт тобу, баарына каршы — 2 үгүт тобу катталды.

Парламенттин башкарууну колдоого Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов жана жаш активист Темирлан Султанбеков үгүт жүргүзөт.

Бакытбек Калмаматов президенттикке каршы топту жетектейт.

Жарандык активист Рита Карасартова менен Шабдан уулу Чынарбек баарына каршы үгүт жүргүзөт.

Ал эми президенттик башкарууга добуш берүүгө Коррупцияга каршы ишкерлик кеңештин жетекчиси Нурипа Муканова, Марс Токтоназаров, Тилек Саликеев, Бибинур Бектурова жана юрист Медер Алиев баштаган топтор чакырат.

Белгилей кетсек, Нурипа Муканова Садыр Жапаровдун чечимдерин колдогон билдирүүлөрдү жарыялап келет. Эми юрист Медер Алиев конституциялык кеңешменин мүчөсү.

Эң көп окулган жаңылыктар