12:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен Талант Мамытов куттуктайт

31-декабрда Жаңы жыл түнү кыргызстандыктарды Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов куттуктайт.  Бул тууралуу 24.kg агенттигине президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.

Анын айтымында, азырынча Талант Мамытовдун куттуктоосу даярдала элек. 

Белгилей кетсек, биринчи жолу Кыргызстан Жаңы жылды өлкө башчысы жок тосот. 

Президенттик шайлоо 10-январда өтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби