07:49
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда 9 айда 8 миң 337 үй-бүлөлүк зомбулук катталды

Кыргызстанда 9 айда 8 миң 337 үй-бүлөлүк зомбулук катталды. Бул тууралуу парламенттин комитетинин жыйында вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Анын айтымында, милиция тарабынан 7 миң коргоочу ордер берилген. 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун жабырлануучуларына 5 миң 77 ордер ыйгарылган.

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 2020-жылы 324 кылмыш иши козголгон. Жогорку соттун маалыматында, жылдын биринчи алты айында 71 иш соттун кароосуна түшүп, анын 35и боюнча чечим чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума