Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоодо колдонулчу бюллетендин формасы менен текстин бекитип берди. Бул тууралуу Боршайкомдун кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-декабрь күнү, БШК жыйынында президенттик шайлоодогу бюллетендин формасы менен тексти бекитилди.
«Аны «Учкун» ишканасы басып чыгармакчы», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 10-январь күнү кыргызстандыктар президентти шайлашат. Өлкө башчылыкка 18 талапкер ат салышууда.