19:33
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Максат Мамытканов: Өкмөт шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө умтулууда

Өкмөт шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө ниеттенүүдө жана ал үчүн аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын күч-аракетин бириктирүүгө даяр. Бул туурасында вице-премьер-министр, президенти мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын төрагасы Максат Мамытканов Нарын облусундагы көчмө жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, мыйзам бузуулар орун алган учурда катаал чаралар кабыл алынат.

«Укук коргоо органдары алдында так милдет — ар кандай мыйзам бузууларга ыкчам жооп кайтаруу милдети коюлган. Учурда республиканын ар бир жаранында уюлдук телефон бар, тартып, бизге жөнөткүлө, биз ыкчам чараларды кабыл алабыз. Добуштарды сатып алуу, административдик ресурс жана башка мыйзам бузууларга жол берилбеши керек», — деди Мамытканов.

Ошондой эле ал белгилегендей, коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында бардык санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо, ошондой эле шайлоо участокторун интернет жана байланыш, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо зарыл.

Андан соң, Нарын облусундагы шайлоо участокторунун даярдыгы тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо кампанисынын — Республикалык штабдын тең төрайымы Нуржан Шайлдабекова жеткизди.

Айтымында, ар бир район жана шаардагы шайлоо участокторунда мыйзам бузууларга жол бербөө максатында ыкчам жооп кайтаруучу координациялык топтор түзүлгөн.

Кеңешменин соңунда вице-премьер-министр Нарын облусундагы өкмөтүн ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаевге жана укук коргоо органдарына бир катар тапшырмаларды берди жана коюлган милдеттерди чечүүдө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар