06:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ысык-Көл облусунунда жер титиреди

Ысык-Көл облусунунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Зилзала 17-декабрда саат 21:02де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Подгорное, Чоң-Кызыл-Суу айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз, Тилекмат, Ак-Дөбө, Мундуз, Жалгыз-Өрүк, Кызыл-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар