01:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте эки айга жете турган дары-дармектердин запасы бар

ММК Фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын маалыматы боюнча, ордо калаабыздын саламаттыкты сактоо уюмдары эки айлык дары-дармектердин 92 түрүн жана 5 түрдөгү медициналык буюмдарды 17 миллион 553 миң 700 сом суммасында камсыз кылышкан. Бул тууралуу вице-мэри АйжанЧыныбаеванын билдирди.

Айтымында, мэриянын шаардык саламаттыкты сактоо департаменти аркылуу Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына төмөнкүдөй гуманитардык жардам жөнөтүлгөн:

  • жеке коргонуу каражаттары — 11 миң 139 даана;
  • медициналык маскалар — 195 миң 910 даана;
  • респираторлор — 21 миң 811 даана;
  • кычкылтек концентраторлору — 97 даана.
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума