Парламент референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул боюнча чечим кечээки жыйында кабыл алынды.
Референдумду 63 депутат колдоду.
Мыйзам долбоордо элдик добуш берүүгө «Кайсы башкаруу формасын каалайсыз?» деген суроо коюлат.
Шайлоочулар президентттик, парламенттик башкаруу формасын тандап, же баарына каршы добуш бере алышат.
Референдум 10-январда өтөт.