12:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөттүн аппарат жетекчиси ЖЭБдин иши менен таанышып келди

Өкмөт жетекчилигинин тапшырмасы боюнча аппарат жетекчиси — министр Бактыбек Аманбаев Бишкек жылуулук электр борборунун ишин көрүп чыкты.

Ал Бишкек ЖЭБинин көмүр кампасындагы отундун запасы, диспетчердик пункттун иши менен таанышты.

«Электр станциялары» ААК башкы директору Жолдошбек Ачикеевдин маалыматы боюнча, учурда ЖЭБде абал туруктуу, күн сайын график боюнча көмүр түшүрүлүп, мазут ташылып келүүдө. Отун 2021-жылдын апрель айына чейин тынымсыз келип турат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жылытуу мезгилинде жалпысынан 1 млн 110 миң тонна көмүр сатып алуу тапшырмасы берилген. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин аймагында 300 миң тоннага жакын көмүр бар.

Бактыбек Аманбаев белгилегендей, Бишкек ЖЭБи кыш мезгилиндеги катуу суукка максималдуу түрдө даяр болушу керек.

«Калкты кышында жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу — Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты. Биз Бишкек шаарындагы турак жайлардын 80% жылуулук менен камсыз кылган ЖЭБдин иштөөсүн, кышкы максималдуу жүктөмүн, отундун корун жана көйгөйлүү маселелерин жеринен көрүү максатында келдик. Жылытуу мезгилинде калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга өзгөчө маани берүү керек. Кандайдыр бир авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүгө тийиш. Бул жумуштарга толук жоопкерчилик менен мамиле кылуу талап кылынат», — деп белгиледи Бактыбек Аманбаев.

Ошондой эле аппаратынын жетекчиси Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси Андрей Воропаев менен ТЭЦтин көйгөйлүү маселелери жана аларды чечүүнүн жолу боюнча сүйлөштү.

Бишкек ЖЭБинин директору жылуулук борборун модернизациялоонун алкагында эски станциядан демонтаждалган металлдарды ЖЭБдин аймагынан ташып чыгаруу маселесине жардам берүүнү өтүндү.

«Мурдагы эски станциянын демонтаждалган металлдары 3 жылдан ашык убакыттан бери ТЭЦтин аймагында экен. Анын көлөмү 14 миң тоннага жакын. Бул өз кезегинде ЖЭБдеги энергетиктердин ишине тоскоолдук жаратып жатат. Ошондуктан тармактык мамлекеттик органдар металлдарды жылуулук борборунун аймагынан ташып чыгарууну шарттаган Өкмөттүн токтом долбоорун даярдоого тийиш», — деди Бактыбек Аманбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар