04:53
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Коомдук унаада жол кирени акчалай төлөгөндөр үчүн тариф жогорулашы ыктымал

Коомдук унаада жол кире акысы электрондук билетке караганда кымбатыраак болушу керек. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, тариф айырмачылыгын аныктаган тийиштүү нормативдик долбоор киргизүү пландалып жатат.

«Электрондук билет системасы ишке киргени менен аны 100 пайыз иштете албай жатабыз. Акырындык менен жол кирени нак төлөөнү жоюп, жүргүнчүлөр «Тулпар» картасы менен төлөөгө кызыкдар болгудай шарт түзөлү деген пландар бар. Ал үчүн нак жана карта менен төлөөнүн ортосунда айырма болушу керек. Тагыраагы, эгер жаран жол кирени накталай төлөй турган болсо, анда баасы жогорураак болот. Ортодогу айырма канча болорун айта албайбыз, себеби бул маселени жөнгө салуу керек», — деди ал.

Атыкановдун айтымында, «Тулпар» картасы жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүп, транспорт тармагынын кирешесин жогорулатат.

Ал эми Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Артур Өмүрзаков жарандарды электрондук билет менен камсыздаган карта системасына өтүүгө чакырды.

«Биздин киреше булак көбөйөт. Анын арты менен унааларды ремонттоп, айдоочулардын айлыгын жогорулатууга шарт түзүлөт. Нак төлөнгөн жол кире акысын кымбатыраак кылыш керек. Ошондо жарандар «Тулпар» картасын активдүү ала баштайт. Бул өз учурунда шаардык транспорттун абалын жакшыртат», — деди ал.

Өмүрзаков электрондук картага өтүү мезгил талабы экенин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар