02:40
USD 87.45
EUR 91.15
RUB 0.88

Абдылдаев: Жаңы Конститиция кабыл алынса кайра президенттик шайлоо өтүшү мүмкүн

Жаңы Конститиция кабыл алынса кайра президенттик шайлоо өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Акипресс маалымат агенттигине берге маегинде парламенттин мурдакы спикери Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, 10-январда өтө турган референдумда парламенттик, президенттик, же аралаш формасы тандалат.

«Анын жыйынтыгына ылайык шайлоолор өтөт. Эгер, башкаруу формасы өзгөрсө, анда парламенттик жана президенттик шайлоо дагы кайра өтүшү керек. Себеби, өлкө башчысынын ыйгарым укуктары өзгөрүп жатпайбы», — дейт Мыктыбек Абдылдаев.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ушул күнү референдум өткөрүү дагы пландалууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар