12:43
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кытай «Эркечтам» жана «Торугарт» бекеттеринен өткөн унаанын санын жогорулатат

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ду Дэвэнь Артем Новиков менен үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң, кытай тарап аркылуу «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл бекеттеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөн, алардын жыйынтыгы боюнча кытай тарап жумушчу убакытты 8:00дөн 12:00гө чейин узартуу, ошондой эле бекеттин күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да иштөө режимине өткөрүү сунушталган.

Элчи ошондой эле «Эркечтам» бекетинин инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгын маалымдады.

Артем Новиков Мамлекеттик бажы кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына бекеттердин ишин кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

Эң көп окулган жаңылыктар