20:23
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

Торугарт посту аркылуу Кыргызстанга 77 миңден ашык унаа кирген

Торугарт бажы бекети аркылуу Кыргызстанга 77 миңден ашык унаа кирген. Мындай маалымат президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча айтылды.

Кыргыз-кытай чек арасындагы бул өткөрүү пункту аркылуу 77 миң 16 автоунаа өткөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 23 миң 517ге көп.

Ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Эргешов Бажы кызматынын өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоо жана бажы мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуудагы маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бажы кызматы биздин экономикалык коопсуздугубуздун гаранты болуп саналат. Бажы жыйымдарын чогултуу менен катар контрабанда, бажы эрежелерин бузуу менен күрөшөт. Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде эл аралык терроризмге, курал-жарактын, баңгизаттардын жана башка кооптуу товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланышкан маселелерди чечүүгө да катышат», — деди ал бажы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап.

Алтынбек Эргешовдун айтымында, Нарын бажысы тарабынан 400 миллион сомдон ашык бажы төлөмдөрү жыйналып, план 104 пайызга аткарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар