18:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жогорку Кеңешке шайлоо мыйзамсыз токтотулду. Арызды Конституциялык сот кароодо

Конституциялык сот Жогорку Кеңешке шайлоо мыйзамсыз токтотулгандыгы тууралуу "Реформа" партиясынын арызын кароодо.

Партиянын лидери Клара Сооронкулованын айтымында, парламенттин "Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президенттин шайлоо"боюнча мыйзам долбоордун айрым беренелерин токтотуп туруу боюнча чечими мыйзамсыз. 

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы он чакты саясий партия Бишкекте митинг уюштуруп, акция башаламандык менен бүткөн жана өлкөдө бийлик алмашкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Бирок, парламент кайра шайлоо дайындоо боюнча нормаларды токтотуп, депутаттардын мандатынын мөөнөтүн 1-июнга чейин созгон.

Садыр Жапаров парламенттик шайлоо жазында өтөөрүн айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар