04:59
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Каркыра» өткөрмө бекети 1-мартка чейин жабылды

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети 30-ноябрдан тартып жабылды.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, бул аба ырайы менен жол шарттарына байланыштуу жана чукул кырдаалдарга жол бербөө максатында жасалды.

«Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети 2021-жылдын 1-мартында кайрадан ишин жандандырып, кишилерди жана транспорт каражаттарын өткөрө баштайт.

Буга чейин Чек ара кызматы 2020-жылдан баштап көзөмөл-өткөрмө бекет жыл бою үзгүлтүксүз иштөө режимине өткөнүн кабарлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар