Президенттик шайлоо менен бирге Кыргызстанда референдум дагы өткөрүлөт. Анда Конституциянын жаңы долбоору коюлат.
Референдумда Баш мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынсынбы, же жокпу деген гана суроо берилет.
Белгилей кетсек, конституциялык реформанын негизги демилгечиси Садыр Жапаров. Ал абактан чыккандан тарта эле башкаруу тутумун өзгөртүү зарылдыгын жана референдум боюнча айтып келет.
Аймактарга иш сапары учурунда парламентке депутаттарды бир мандаттуу округ боюнча шайлоону колдорун айткан.
Жогорку Кеңеш 22-октябрда парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырып, референдум өткөндөн кийинкиге калтырган.