09:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Саясатчы Бакыт Бакетаев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Боршайком президенттик шайлоого катышкысы келген талапкерлердин арыздарын кабыл алууну улантууда.

Өз арызын тапшырууга үлгүргөн саясатчы бакыт Бакетаев шайлоого катышуудан баш тартканын 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Айтымында, Садыр Жапаров «Ак үйдүн» тосмосун чечкен күнү, Бакетаев аны реформатор саясатчы экенин түшүндү. «Ал олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экенине көзүм жетти. Бир гана нерсени каалар элем — ал диктаторго айланып кетпесин», — деди Бакыт Бакетаев.

Учурда Боршайкомго өз арыздарын Адахан Мадумаров, Арстан Алай, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Женишбек Байгуттиев, Клара Сооронкулова жана Аймен Касенов тапшырышты. Бүгүн арызын Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз менен Бишкектин хореография окуу жайына караштуу интернаттын жетекчиси Элеонора Турдубекова да беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар