09:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президенттик шайлоо. Кубанычбек Кадыров өлкө башчылыгына ат салышмакчы

Президенттик шайлоого катышуу үчүн Кубанычбек Кадыров Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Кубанычбек Кадыров 1970-жылы 13-ноябрь күнү төрөлгөн. Ал «Чындык» саясий партиясынын лидери болот.

Учурда БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Бакыт Бакетаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев жана Жеңишбек Байгуттиев, Клара Сооронкулова арыз беришти.

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садык Шер-Нияз дагы ат салышмакчы. Бирок, ал жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров БШКга арыз бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар