14:44
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү мыйзамына кол коюлду

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 11-ноябрда «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, парламентке өтүүнүн шайлоо босогосу азыркы жети пайыздан үчкө, шайлоо күрөөсү беш миллион сомдон бир миллион сомго ылдыйлатылды. Ошондой эле Кыргызстандын ичинде № 2 форма менен добуш берүү ыкмасы жоюлду. Мындай документ менен чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар гана добуш бере алат. Андан тышкары, президенттик жана парламенттик шайлоого катышкан талапкерлер шайлоочулардын бир пайызынын добушун алса, шайлоо күрөөсүн кайтарып алат. Мурда ал беш пайыз болчу.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирерин билдирди.

Сөз болуп жаткан мыйзамды Жогорку Кеңеш 22-октябрда кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кол коюу үчүн жиберилген.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы жапырт добуш бурмалоого эл каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган. БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Кыргызстанда бийлик алмашты.

Шайлоо босогосун, күрөөнү азайтуу жана № 2 форма менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу маселеси 4-октябрдагы парламенттик шайлоо алдында бир топ жолу көтөрүлгөн. Шайлоодон кийинки тополоңдо бул талап күчөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар