14:12
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышпайт

«Республика» партиясынын мурдакы лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал бүгүн билдирди.
 
Өмүрбек Бабанов бул чечимге Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин келгендигин айтат. Анын айтымында, премьер-министр менен өлкөнүн өнүгүү жолу жана реформалар талкууланды.
 
«Конституциялык реформаны да кеңири сүйлөштүк. Эң негизгиси, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун түзүү керек. Сот системасынын толук кандуу көз карандысыздыгын камсыздап, парламентти күчтөндүрүү керектигине так түшүнүк бар. Мени колдоп келген бардык адамдарга, тилектештериме ыраазычылык билдирем. Мен президенттик шайлоого чыкпайм, Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдойм», — дейт ал.
Эң көп окулган жаңылыктар