08:06
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Президентти шайлоо. Өлкө башчысынын ордуна бешинчи талапкер аныкталды

Боршайком президентти шайлоого талапкерлердин табыштамаларын кабыл алууну улантууда.

Бешинчи талапкер болуп Бектур Асанов чыкты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Учурда ал жумушсуз. Буга чейин Жогорку Кеңеш депутаты, Жалал-Абад облусунун губернатору жана Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп иштеп келген.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда ал бир нече саясатчылар менен бийликти басып алуу аракети үчүн соттолгон. Эркиндикке чыккандан кийин, ал президент Сооронбай Жээнбековду колдоорун айткан.

Белгилей кетсек, учурда президенттике «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, Арстан Алай, экономист Кубан Чороев жана жигерчи Назарбек Нышанов ат салышмакчы.

Президентти мөөнөтүнөн эрте шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар