06:47
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуудан баш тартты

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуудан баш тартты. Бул тууралуу ал өзү 24.kg агенттигине билдирди.

Ал өкмөт башчысы Садыр Жапаровдун нааамына арыз жазды.

«Мен ишке кирише дагы алган жокмун. Мэрлик кызматтын айланасында ар кандай топтордун жана күмөндүү кишилердин булганч иштери башталды. Алардын айрымдары мага кол көтөрүүгө чейин барды. Айрым шаардыктар мени колдоого келишти. Мен алардын коопсуздугуна коркунуч жаратууга эч кандай моралдык укугум жок. Мындай кырдаалда биз Садыр Жапаров экөөбүз акылдашып, мэрдин милдетин аткарууну токтотуу чечимине келдик», — дейт Нариман Түлеев.

Белгилей кетсек, Нариман Түлеев 20-октябрда вице-мэр болуп дайындалып, Азиз Суракматов отставкага кеткенден кийин анын милдетин аткаруучу болгон. 21-октябрда Нариман Түлеевге каршы митинг уюштурулду.

Эң көп окулган жаңылыктар