18:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Вирус жуктурган беш бейтап каза болду

COVID-19 илдетинен беш киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, эки бейтап Баткен облусунда, үчөө Бишкек шаарында көз жумду.

Учурда коронавирус жуктурган 2 миң 790 адам ооруканада, 2 миң 612 бейтап үйдөн дарыланууда.

Март айынан бери 53 миң 459 киши вирус жуктуруп, анын 1 миң 118 каза тапты.

Эң көп окулган жаңылыктар