14:22
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. Жалал-Абад жана Ош облусунда бир катар чектөөлөр күчүнө кирди

Коронавирус инфекциясы күч алганына байланыштуу Жалал-Абадда бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, COVID-19 каршы шаардык штабдын отуруму болуп, анда Жалал-Абадда карантин киргизүү маселеси көтөрүлдү.

Мындан тышкары, кафелердин иши белгисиз мөөнөткө токтотулуп, футбол талаалары жана коомдук мончолор жабылды. Кафе ээлери 50дөн ашуун адам кабыл алса, аларга катуу чаралар көрүлмөкчү.

Учурда шаарда мобилдүү бригадалар иштеп, COVID-19 тесттерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, буга чейин Ош облусуна кирип-чыгууга чектөөлөр киргизилип, жети санитардык блокпост орнотулган. Мындан тышкары Бишкек — Ош каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташуу да токтотулду.

Жалал-Абад облусунда вирус жуктургандарды саны 5 миң 944ге, Ош облусунда 9 миң 860 кишиге жетти. 

Эң көп окулган жаңылыктар