Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканада 35 койка-орундуу жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, ооруканада коронавирус инфекциясы жана этиологиясы такталбаган пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 90 койка-орундук жайгашкан.
Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түштү.