03:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын Таластагы жолугушуусу жогорку деңгээлде өттү

Аймактардын экономикасын өнүктүрүү — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негизги багыттарынын бири. Бул тууралуу саясий бирикменин талапкерлери Таластагы кезектеги жолугушууда айтышты.

«Биздин партиянын негизги багыты — айыл чарбаны өнүктүрүү жана элеттеги элдин турмуш шартын жакшыртуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Эгерде биз алдыдагы шайлоодо жеңишке жетсек, анда төө буурчактын баасын көтөрүп, жергиликтүү калк жакшы киреше алышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Тариэл Жоробеков.

Талас салыштырмалуу чакан шаар болгонуна карабастан, ал чоң атак-даңкка ээ. Анткени Талас байыркы баатыр бабабыз Манастын кичи мекени катары да белгилүү. Шаарга жакын жерде Манас атабыздын күмбөзү, «Манас Ордо» улуттук комплекси жайгашып, андан анча алыс эмес аймакта петроглифтер менен аскадагы сүрөт галереялары дагы бар. Мындан сырткары табияты да кооз. Ушундан улам партия өкүлдөрү Талас облусун туризмдин борборуна айлантууну пландап жатышат.

Албетте, партиянын пландары ушуну менен эле токтоп калбайт. Анткени, программанын алкагында аймактардагы калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу да каралган.

«Биздин максатыбыз — экономиканы өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртуу. Пандемия учурунда биз ынтымактуулугубузду жана мыктылыгыбызды көрсөтө алдык. Ага карабастан вирус тараган сайын, медицинабыз алсыз болуп, көптөгөн жакындарыбызды жоготтук. Бирок биринчи байлык ден соолук болгондуктан, партиянын программасында медицинага өзгөчө көңүл бурулуп, сапаттуу ооруканаларды куруу, дарыгерлердин айлык акыларын көтөрүү башкы максат болуп коюлду», — деп кошумчалады «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Улан Садыбаев.

Жолугушуунун соңунда Манас атанын урпактары «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынын талапкерлерине башына ак калпак кийгизип, ак чепкен жаап алдыдагы саясый жарышта ийгилик каалап баталарын берип узатышты.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин жер-жерлердеги жолугушуулары уланууда.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар