21:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери 25 миң 664 үй-бүлө түзүлдү

Кыргызстанда жыл башынан бери 25 миң 664 үй-бүлө түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Бүгүн Кыргызстанда Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү белгиленүүдө.

2020-жылдын 1-январынан бери Кыргызстанда 25 миң 664 түгөй баш кошкон. Ал эми былтыр 33 миң 929 жуп үй-бүлө курду.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 113 миң 922 ымыркай жарык дүйнөгө келген.

Кыргызстанда Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү 2011-жылдан бери белгиленип келет.

Эң көп окулган жаңылыктар