13:31
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Азиз Эсенов: Аракетибиз элибиздин жаркын келечеги үчүн! Кыргызстан—менин Мекеним

Эсенов Азиз Сыргакович Нарын облусунда 1977-жылы 22-январда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, жогорку билимдүү. «Аракетибиз элибиздин жаркын келечеги үчүн! Кыргызстан — менин Мекеним!» деген ураан менен жашайт. Депутат болуп калса эң биринчи айыл чарбасын өнүктүрүүгө, дыйкандардын мээнетине көңүл бураарын айтат.

— Дыйкандардын мээнети кайтышы үчүн өндүргөн продукциябызды сыртка сатуунун жолун табам. Анткени көп учурда дыйкандарыбыз өндүргөн продукциясынан пайда көрмөк турсун, чыгымын жаба албай калган учурлары да арбын. Ошон үчүн жашылча-жемиштерди жана эт, сүт азыктарын сыртка сатып, элдин турмушун оңдоого аракет кылып, Кыргызстанды бардар эл жана бакубат өлкөгө айлантууга болгон аракетимди жумшайм.

— Партияңыздардын программасы башка партиядан эмнеси менен айырмаланат?

— Биздин партиянын программасы башка партиялардан реалдуу сунуштары менен дээрлик айырмаланат. Бардык тармак эске алынып, камтылган. Алсак, мамлекетти кризистен чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү үйлүү кылуу, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылган. Ошондой эле мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюп, керексиз функциялардан арылуу тууралуу да сунушу бар. Кыскасы, «Мекеним Кыргызстан» реалдуу сунуштары менин ишенимимди жогорулатты. Ошон үчүн ушул партияны тандадым. Ушундай чоң максаттарды алдыга койгон партия менен парламентке барып, элимдин жаркын жашоосуна салым кошоюн, мамлекетимдин өнүгүшүнө кол кабыш кылайын деген чечимге келип шайлоого бара жатам. № 4 «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөйт. Элибиздин жаркын жашоосуна шарт түзөт. 4 деген сан ийгиликтин ачкычы, андыктан шайлоодо жеңишке жетебиз жана элибизге кызмат кылабыз!

— Жеңишке жетериңиздерге көзүңүз жетеби?

— Ар бир нерсе адамдын ниетинен да. Бир мисал келтире кетейин. Кочкордогу туристтик борборго достор менен былтыр барып арча отургузуп кеткенбиз. Быйыл баш көтөрүп, күн нуруна жайкалып өсүп жатыптыр. Бул менен мен эмне айткым келип жатат? Адам баласынын ниетине жараша иши уланат экен. Биз арчаларды жакшы ниет менен отургуздук элек, жыйынтыгын көрүп кубандым. Ошондуктан келиңиздер туугандар, биз ар бир ишке жакшы ниет коюп, тилек тилеп жыйынтыкка иштейлик. Ошондо мамлекетибизде бардык тармактан өнүгүү болот!

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондусунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар